• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сауд Аравия Падышачылыгынын Королу Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.22 /Кабар/. Сауд Арабия Королдугунун Королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Нооруз майрамына байланыштуу Сизге чын дилден чыккан куттуктоолорумду жана каалоолорумду чоң кубаныч менен жолдоп, бекем ден соолук жана бакыт-таалай, ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана элине мындан ары гүлдөп-өсүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Өз куттуктоосун ошондой эле, Сауд Арабиянын Мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салман бин Абдульазиз Аль Сауд да жолдогон.

Пикир

Оставить комментарий