• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сауд Арабия падышасы Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«Жеңиш күнүнүн майрамына карата биз чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана ден-соолук, бакыт-таалай каалаган тилектерибизди жолдойбуз. Ал эми Өкмөткө жана Кыргызстан элине мындан аркы өсүп-өнүгүүлөрдү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле мураскер принц, Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Сауд Арабиянын Коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд дагы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына байланыштуу куттуктоосун жолдогон.

Пикир

Оставить комментарий