• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сауд Арабияда 35 жылдан бери алгачкы жолу кинотеатр ачылат

Дүйнө 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Сауд Арабиясында 35 жылдан бери алгачкы жолу коомдук кинотеатр ачылат. Ал 18-апрелде Эр-Риядда ишин баштап, режиссер Райан Куглердин «Кара кабылан» тасмасы көрсөтүлөт.

Буга чейин Сауд Арабия америкалык AMC Entertainment Holdings Inc компаниясы менен келишим түзгөнүн билдирген. Ага ылайык, беш жылдын ичинде өлкөдө 40 кинотеатр ачылып, 2030-жылга карата алардын саны 350гө жетиши керек. Тасмалар кинотеатрда көрсөтүлөөрдүн алдында атайын цензурадан өтөт.

Кинотеатр жана башка көңүл ачуу жайларына фундаменталдык исламчылардын басымы менен саудиялык бийлик өткөн кылымдын 80-жылдары тыюу салган. Анда диний ишмерлер кинотасмаларды көрүү күнөө экенин билдиришкен.

Өткөн жылы сентябрда падыша Салман бен Абел Аль Сауд аялдардын автоунаа айдоосуна салынган тыюуну алып салууну буюрган. Ошондой эле аларга коомдук жайларга жана стадиондорго барууга уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий