• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сауд Арабиянын королу Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Сауд Арабия Королдугунун Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Жеңиш күнүнө карата Сауд Арабия Королдугунун элинин, Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдойм жана чың ден-соолук, бакты-таалай, жакшы каалоо-тилектерди каалайм, ошондой эле Кыргызстан Өкмөтү менен элине мындан ары гүлдөп өнүгүүнү тилейм», — деп белгиленет телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий