• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси "Данакер" ордени менен сыйланды

Саясат 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлык – “Данакер” ордени менен сыйлады.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бүгүн президент Садыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин дипломатиялык миссиясы аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

undefined

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышты.

"Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканына канааттанганын айтып, мындан ары да бекемделишине терең ишенимин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий