• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ажылык–2019: Кыргызстандык зыяратчылар үчүн 5485 квота бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5485 орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Сауд Арабиянын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча пикир алышып, жаңы өзгөчөлүктөргө жөнүндө сүйлөшүштү.

Жолугушуунун соңунда 2019-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Эске салсак, ажылыкка барчулар электрондук тизме менен кабыл алынат жана биометрикалык паспорт алгандарга гана ажылыкка барууга уруксат берилет.

Сауд Арабия 2016-жылы Кыргызстанга 3685 орун бөлгөн, 2017-жылы – 4585 орун, ал эми 2018-жылы – 5485 орун.

Пикир

Оставить комментарий