• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сауд Арабиясы коронавирустан улам чет өлкөлүк зыяратчыларды ажылыкка киргизбейт

Дүйнө 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Сауд Арабиясы быйыл зыяратчылардын санын чектеп, ажылыкка өлкө ичиндеги жарандарды гана кабыл алат.

Өлкөнүн Ажылык жана умра иштери боюнча министрлиги быйыл июлдун аягына туура келген ажылыкка чет өлкөлүк зыяратчылар кабыл алынбай турганын билдирди.

«Мындай чечим адамдардын саламаттыгын коргоп, пандемиялык илдеттерден сактануу максатында кабыл алынды», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жыл сайын Мекке шаарына дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүнөн 2,5 миллион мусулман ажылыкка барат. Сауд Арабиясы март айында пандемияга байланыштуу кичи ажылыкка (умра) да тыюу салган.

Пикир

Оставить комментарий