• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сауд Арабиясынан келген 135 жаран табылды – Исаков

Ден соолук 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. 12-мартта Сауд Арабиясынан коронавирус жуктуруп алган 3 кыргызстандык менен бир учакта учуп келген 135 жаран табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен – ал күнү жалпы 135 киши учуп келген. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

"Табылган 135 адам изоляцияга алынып, баарынан анализдер алынды", - деди ал.

Ал белгилегендей, ажылыкка барган учурда жарандардын тизмеси такталып, каттоо жүргүзүлөт. Ал эми жарандар умрага (кичи ажылык) кеткен учурда андай уюшумдуу түрдө барышпайт.

Аны менен бирге ал билдиргендей, Сузактагы коронавирус жуктурган 3 адамдан башка учурлар аныкталган жок.

Анын айтымында, коронавирус өлкөгө келди деп ызы-чуу болуунун кереги жок.

Пикир

Оставить комментарий