• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сауд Аравия ажылык сапарга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 2766 квота бөлдү

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде Сауд Аравиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

“Ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Аравия чукул маалымат тараткандыктан улам убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөрдү жүргүзө баштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Азырынча төлөмдүн суммасы айтыла элек.

Ажылык сапарынын төлөмдөрү беш күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;

2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;

3. Сауд Аравиясынын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.

Пикир

Оставить комментарий