• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сауд Аравия COVID-19га байланыштуу ажылыкка кайрадан тыюу салды

Дүйнө 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Сауд Аравия эки жыл катары менен чет өлкөлүк мусулмандарга ажылыкка тыюу салды.

Падышачылык чет элдик ажыларды чек арадан өткөрбөө чечими тууралуу башка өлкөлөргө маалымат берилгенин билдирди. Бул жылы COVID-19га каршы вакцина алган 60 миң жашоочуга ажылык кылууга уруксат берилет.

Июль айына пландаштырылган ажылык сапары эмдөөдөн өткөн жана 18 жаштан 65 жашка чейинки жана өнөкөт оорулар менен оорубаган адамдар үчүн уруксат берилет, - деп билдирет Сауд Аравиянын Ажылык министрлиги.

Ажылык кылууну каалагандар онлайн түрүндө каттоодон өтүшү керек.

Өткөн жылы ажылыкка 10 миң адам катышкан, анын ичинен 70%ы чет өлкөлүктөр, 30%ы жергиликтүү жашоочулар болушкан. 2019-жылы 2,5 млн адам ажылыкка барган.

Кадимки форматтагы ажылык жана жыл бою умра зыяраты Сауд Аравиясына жылына болжол менен 12 млрд доллар киреше алып келет.

Пикир

Оставить комментарий