• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сауд Аравия инвестицияны өнүктүрүү жаатында Кыргызстан менен биргелешип иштөөгө даяр

Экономика 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия) жумушчу сапарынын алкагында Сауд Аравиянын инвестициялар министри Халид Аль-Фалих менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, атап айтканда, энергетика, туризм, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу жана башка тармактарда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагындагы кызматташууну талкуулашты.

Ошондой эле Сауд Аравиянын инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр башында турган Сауд Аравиянын инвестициялык делегациясынын Кыргыз Республикасына боло турган иш сапары талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары аталган сапар биздин республиканын инвестициялык долбоорлору менен кеңири таанышуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Өз кезегинде инвестиция министри кыргыз-сауд кызматташтыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, сауд тарап инвестицияны өнүктүрүү жаатында биргелешип иштөөгө даяр экендигин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыктын бардык багыттары боюнча өлкөлөр ортосундагы тыгыз кызматташууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий