• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сауд Аравия Кыргызстандын медицина тармагын жакшыртууга $3,7 млн бөлөт

Коом 0

Бишкек, 27.12.18 /Кабар/. Сауд Аравия Кыргызстандын медицина тармагын жакшыртууга 3 млн 797 миң доллар грант бөлөт. Бул жардам "Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу" долбоорун аткарууга берилет.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы бул гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.

"Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу" долбоору Кыргызстанда социалдык-инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 3 млн 797 миң доллар суммасында каржыланат жана төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган:

— 1 млн 245,2 миң доллары суммасында «Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы медициналык борборлорду жабдуулар менен жабдуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуулар менен жабдуу»;

— 960 миң доллары суммасында «Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонаны куруу»;

— 1 млн 440 миң доллары суммасында «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу».

Мындан тышкары Гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң доллары суммасында консультациялык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий