• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сауд Аравия медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 3 млн 797 миӊ доллар гранттык каражат бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы “Медициналык борборлор үчүн жабдыктарды берүү жана карантиндик аймакты куруу жана жабдуу” долбоору боюнча Гранттык макулдашуунун долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, эки тараптуу келишим алкагында эт экспорттоо үчүн курула турган карантиндик жайга медициналык жабдууларды сатып алууга 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүүгө даяр. Анын ичинде, 1 млн 300 миӊ доллар Улуттук фтизиатрия борборуна атайын жабууларды сатып алууга, 1 млн 500 миӊ доллар Жүрөк хирургиясы жана трансплантациялоо илимий изилдөө институтуна, ал эми 1 млн доллар карантиндик жайды курууга жумшалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий