• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сауд Аравия падышасы Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Сауд Аравия Падышалыгынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана өлкө элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

“Жеңиш күнүн майрамдоого байланыштуу Улуу Мартабалууга чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана Кыргызстандын өкмөтүнө жана боордош элине ден соолук, бакыт-таалай жана мындан аркы өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап жатканыбызды чоң кубаныч менен билдиребиз”, - деп айтылат телеграммада.

Өз куттуктоосун ошондой эле Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы, министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, коргоо министри Мухаммад бин Салман бин Абдулазиз Аль Сауд да жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий