• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сауд Аравияда бутунан жаракат алган Ашировага операция жасалды

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жаткан учурда бутунан оор жаракат алган кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Ашировага операция жасалды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынан билдиришти.

Араб дарыгерлеринин айтуусунда, Асланайым реабилитациядан кийин спортко кайтып, өз карьерасын толугу менен уланта алат.

Белгилей кетсек, кыргызстандык жаачы кыз Асланайым Аширова Сауд Аравиядагы Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жаткан учурда бутунан оор жаракат алган.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, учурда ал Эр-Рияд шаарындагы (Сауд Аравиясы) ооруканалардын биринде жатат жана тиешелүү дарыларды алууда.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы Асланайым Ашированын оор жаракат алганын тастыктап, конфедерациясынын өкүлү Айнура Темирбекова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жаачы кыз өзү билемдик менен атка минип, бутун оорутуп алгандыгын жазган. Ал эми Асланайым өзү, бул сөздөр калп деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий