• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сауд Аравияда кыргыз-сауд бизнес-форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын курчап турган чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулрахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалымакта ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүүсүнүн келечегин, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуусунун эки тараптуу кызыгуу жараткан актуалдуу багыттарын талкуулап, эки мамлекеттин ортосунда расмий сапарларды уюштурууга, Сауд Аравиянын компанияларынын Кыргызстанда инвестициялык долбоорлордо катышуусуна, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн аймагында жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүүгө басым жасашты.

Элчи У. Марипов жана министр А. Аль-Фадли 2022-жылдын 24-27-февралында Эр-Рияд шаарында кыргыз-сауд бизнес-форумун жана ата мекендик көргөзмө-жарманкесин жогорку деңгээлде өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин прогрессивдүү жана стабилдүү өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешип, Эр-Рияд шаарында өтүүчү кыргыз-сауд Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги Үчүнчү отурумунун сапаттуу жана мазмундуу маселелерин талкуулашты жана аны өткөрүү мөөнөтүн карап чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий