• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сауд Аравиялык ишкерлерге Кыргызстандын 7 ири келечектүү долбоору сунушталды

Экономика 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Сауд Аравиянын жумушчу тобунун Кыргызстанга иш сапарынын алкагында ири келечектүү долбоорлор ишке ашырылып жаткан жерлерде жеринде иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында «Кыргыз шамал системасы» компаниясынын кубаттуулугу 100 МВт шамал электр станциясын куруу боюнча өлкөнүн биринчи долбоору көрсөтүлдү.

Муну менен катар «Дордой-Балыкчы» ЖЧКсынын 1 нөөмөттө 100 баш мүйүздүү малды жана 1000 баш майда мүйүздүү малды кабыл ала турган эт комбинатына баруу уюштурулду. Жакынкы үч айда ишкананы ачуу пландалып, Перс булуңунун өлкөлөрүнө продукция экспорттоо келечеги бар.

Андан ары КСАнын жумушчу тобу МЖӨ механизми аркылуу ишке ашыруу пландалып жаткан «Бишкек Солар» ЖЧКсы тарабынан күн электр станциясын куруу долбоору менен таанышты.

Мындан тышкары, халал стандарттары боюнча «Керемет Resort» курорттук эс алуу борборун куруу долбоору сунушталды. Керектүү инвестиция 8 миллион долларды түзөт, болжолдонгон аянты 6 гектар.

Ошондой эле, делегация «Асман экологиялык таза шаар» курулуш долбоорунун чоо-жайы менен таанышты. Эске салсак, долбоорго ылайык, шаар Ысык-Көлдүн жээгине жакын 4 миң гектар жерге курулуп, куштун көзү менен караганда улуттук музыкалык аспап комузду элестетет.

Ошону менен бирге, гольф-клубдун долбоору көрсөтүлдү.

Ал ортодо экинчи топ КСА алдыңкы энергетикалык компаниясы Aqua Power менен биргеликте Токтогул ГЭСине барып, Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий