• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сауд Аравиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришет

Экономика 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Сауд Аравиялык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришет. Бул тууралуу КР экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Сауд Аравия ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү 5 миллион долларды түзөт. Бул чоң сумма эмес, бирок чоң потенциал бар.

“Бүгүн кызматташуу боюнча кыргыз-сауд комитетинин экинчи жыйыны болду. Анын жыйынтыгы боюнча арабтарга биздин өлкө жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүүнү күчөтүү боюнча атайын чечим кабыл алынды”, - дейт Шаршеев.

Анын айтуусу боюнча, жыйында Сауд Аравияда кыргыз азыктарынын жарманкесин өткөрүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий