• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сауд Аравиянын ири компаниялары Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт

Экономика 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинин директорунун орун басары Нурадил Баясов Сауд Аравиянын инвестиция министринин орун басары Бадр Ибн Ибрагим аль-Бадр менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө инвестиция жана бизнести өнүктүрүү тармагында кызматташуунун перспективалары талкууланды.

"Сауд тарабына жеңилдиктер жана артыкчылыктар, экономиканын приоритеттүү багыттары тууралуу маалымат берилди жана 10дон ашык инвестициялык долбоор кароого сунушталды", - деп айтылат маалыматта.

Макулдашууларды ишке ашыруу максатында инвестиция министринин орун басары жетектеген Сауд ири компаниялары, атап айтканда, "Acwa Power", "Flynas", "Alhokair Group", "Inter Health", "Fas Energy", "Seera Group", "Ajlan & Bros Group", ж.б. Кыргызстанга инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө жана ар түрдүү тармактардагы бизнес структуралары менен, анын ичинде тоо-кен, инфраструктура, энергетика жана кайра жаралуучу энергия, туризм жана саламаттыкты сактоо, агроөнөр жай жана IT-сектору кызматташууну түзүү үчүн иш сапары менен келишет.

Пикир

Оставить комментарий