• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сауд Аравиясы КРга меджабдууларга жана эт экспорттоого грант бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча ко комитетинин жүрүшүндө Сауд өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын социалдык-инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу алкагында Сауд Аравия Королдугу төмөндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмдөгү гранттарды бөлүп жатканы белгилүү болду:

- “Кара-Кулжа айылында жана Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жабдыктар менен жабдууга”, “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдыктар менен жабдылоого” 1 млн 245,2 миӊ доллар өлчөмүндө;

- “Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспортто үчүн Чүй областына карантиндик зона курууга” 960 миӊ доллар өлчөмүндө;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылоо” 1 млн 440 миӊ доллар өлчөмүндө;

- “Гранттык макулдашуунун алкагында, жогорудагы үч долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтар” 151,8 миӊ доллар өлчөмүндө.

Кыргызстандын аймагына (карантиндик зона) заманбап соода-логистикалык борборун куруу Сауд Аравия Королдугуна жана дагы башка айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоого мүмкүндүк берет. Ал үчүн Чүй облусунун аймагынан 5 гектар жер бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Депутаттар Кыргызстандын кайсы аймагында медициналык жабдуулар өзгөчө жетишсиз экенине кызыкты. Ошондой эле, ал гранттык каражаттын көлөмү аз болуп калганын белгиледи. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, азыркы учурда Чүй облусунун тургундары кургак учук дартына көп чалдыгууда. “Ушу тапта кургак учук менен ооругандардын саны барган сайын көбөйүүдө. Атайын каттоого алынгандын саны 1216 адамга жетти”, - дейт ал.

Тармактык комитет эки тараптуу гранттык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Пикир

Оставить комментарий