• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сауд Аравиясы Кыргызстан менен маданият тармагында кызматташууга кызыкдар

Маданият 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Сауд Аравиянын Аш-Шура Мажилисинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз-Сауд парламенттик достук тобунун башчысы , генерал-майор Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асиринин депутаттык тобунун иш сапарынын алкагында жолугушту. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар маданият, спорт жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сауд Аравия тарап туристтердин агымын көбөйтүү максатында Кыргызстанды Сауд Аравиянын жашоочулары менен тааныштыруу максатында Сауд Аравияда иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Министр өз кезегинде маданият жана туризм тармагында кызматташууга даяр экенин белгилеп, мындай иш-чараны Сауд Аравияда өткөрүү сунушу менен Кыргызстанда буга чейин өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары боюнча видеотасмаларды көрсөттү. Саудиялык тарап убакыт жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий