• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сауд Аравиясы Кыргызстанга этти экспорттоо багытында гранттык каражат бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жүрүшүндө Сауд өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын социалдык-инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашыруу алкагында Сауд Аравия Королдугу төмөндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмдөгү гранттарды бөлүп жатканы белгилүү болду:

- “Кара-Кулжа айылында жана Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жабдыктар менен жабдууга”, “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдыктар менен жабдылоого” 1 млн 245,2 миӊ доллар суммада;

- “Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспортто үчүн Чүй областына карантиндик зона курууга” 960 миӊ доллар суммада;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылоо” 1 млн 440 миӊ доллар суммада.

- “Гранттык макулдашуунун алкагында, жогорудагы үч долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтар” 151,8 миӊ доллар суммада.

Кыргызстандын аймагына (карантиндик зона) заманбап соода- логистикалык борборун куруу Сауд Аравия Королдугуна жана дагы башка айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоого мүмкүндүк берет.

Депутат Руслан Казакбаев Кыргызстандын кайсы аймагы медициналык жабдуулар өзгөчө жетишсих экенине кызыкты. Ошондой эле, ал гранттык каражаттын көлөмү аз болуп калганын белгиледи. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, азыркы учурда Чүй облусунун тургундары кургак учук дартына көп кабылууда. “Ушу тапта кургак учук менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Атайын каттоого алынгандын саны 1216 адамга жетти”, - дейт ал.

Тармактык комитет келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Пикир

Оставить комментарий