• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Сауд Аравиясында кыска юбка кийген аял камакка алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Сауд Аравиясынын бийлик өкүлдөрү кыска юбка кийген модель кызды камакка алышты. Жергиликтүү модель кыз кыска юбка кийип, байыркы Ушайкир шаарынын тар көчөлөрүнүн биринде бараткан видеосу интернетке таркап, кызуу талкууну жараткан,- деп жазат “Свобода” радиосу.

Модель кыз видеону анын уруксаты жок салышканын айтууда. Полиция кызматкерлери аны ылайыксыз кийингени үчүн камакка алды. Эгер Хулуд күнөөлүү деп табылса, аны камап жана ага айып пул салынышы мүмкүн. Видеого болгон бийликтин көңүлүн “Twitterдеги” колдонуучулар бурган. Алар Модель Хулудду соттош керек деген хештег менен ролик чыгарышкан. Анда моделдин ачык буттары жабылган.

Эл аралык “Human Rights Watch” уюму моделге болгон мындай мамилени басынтуу деп атады. Сауд Аравиясында аялдар башын жана денесин жапкан кийим кийүүгө милдеттүү. Ошондой эле, алардын унаа башкарууга укугу жок.

Пикир

Оставить комментарий