• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сауд өнүктүрүү фонду 30 млн долларга Бишкек шаарында заманбап балдар ооруканасын курат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеӊейтүү” долбоору боюнча насыялык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, Сауд өнүктүрүү фонду заманбап балдар ооруканасын курууга 30 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлүүдө. Инвестициялык каражаттын 40 пайызы грант болуп саналат.

«Ушу тапта Кыргызстанда 1 млн 400 миӊден ашуун бала бар, алар заманбап жаӊы технологиялар менен жабдылган ооруканага жана жогорку адистиктеги медициналык кызматкерлерге муктаж. Жалпы аянты 10 миӊ чарчы метр мындай жаӊы оорукана Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын аймагында курулмакчы», - дейт ал.

Андан тышкары, ооркананын имараты Сауд Аравиясы тарабынан курулуп, оорукана медициналык жабдуулар менен жабдыла турганы белгилүү болду. Медициналык жабдуулардын жалпы наркы – 8 млн доллар.

Депутат Альфия Самигуллина аймактардагы акыбалы оор сыркоолор Бишкек шаарына алынып келинип дарылана турганын эске салып, азыр ордо калаанын айрым медициналык мекемелерине караганда айрым аймактардагы ооруканалардын абалы кыйла жакшы экенин белгиледи. Ал Бишкек шаарында заманбап ооркукананын курулушун колдой турганын билдирди.

Бир катар депутаттар өлкөнүн алыскы аймактарындагы медициналык мекемелерге да ушундай инвестиция тартуу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий