• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сауд өнүктүрүү фонду Баткен жана Талас облустарында суу системасын жакшыртуу үчүн 30 млн. доллар бөлөт

Экономика 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. КРнын Финансы министрлигинде Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда 30 млн. АКШ доллар суммасына Баткен жана Талас областтарында айылды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу долбоору боюнча насыялык макулдашууга кол коюу аземи болду.

Макулдашууга Кыргызстан тараптан министр Бактыгүл Жеенбаева жана Сауд өнүктүрүү фонду тараптан делегация башчысы Юсуф бин Ибрагим Аль-Бассам кол койду.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, айылды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу долбоорунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду донордук уюмдар болушат. ИӨБнын каржылоо суммасы 20 млн. АКШ долларын түзөт, насыялоо мөөнөтү – 30 жыл, анын ичинен 10 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. СӨФнын каржылоо суммасы 30 млн. АКШ долларын түзөт, насыялоо мөөнөтү – 25 жыл, анын ичинен 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кош каржылоосу 10 млн АКШ доллары өлчөмүндө каралган. Долбоордун жалпы наркы 60 млн. АКШ доллары деп бааланууда.

“4, 5 жыл аралыгында долбоордун алкагында калктын суу менен жабдуу боюнча ишенимдүү кызмат көрсөтүүлөргө жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жана кеңейтүү, Тала, Баткен областтарындагы 61 айылдагы суу менен жабдуу ишканаларынын потенциалын арттыруу пландалууда. Долбоорду ишке ашыруудан жогоруда көрсөтүлгөн областтардын 146 миңден ашуун тургуну пайда алат деп болжолдонууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 2026-жылга чейин калктуу конуштарды ичүүчү суу менен жабдуу жана сууну кетирүү системаларын өнүктүрүү стратегиясы бекитилген. Аталган Стратегиянын алкагында суу менен жабдуу секторунда долбоорлор ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий