• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сауд өнүктүрүү фонду таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында $50 млн насыя берүүгө даяр

Коом 0

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети кыргыз өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы “Айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу” боюнча насыялык макулдашууга макулдугун берди.

Таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, келишимге ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында өз фонду аркылуу 30 млн доллар, Ислам өнүктүрүү фонду аркылуу 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 25 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.

«Эгерде макулдашууга кол коюлуп, парламент аркылуу ратификацияланып калса, 146 миӊ адам жашаган 70 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, анын аткаруу мөөнөтү – 4,5 жыл», - деп кошумчалады департамент башчысы.

Пикир

Оставить комментарий