• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен өлкө аймагында 26 мектептин курулушу жүрүүдө - Мамкурулуш агенттиги

Коом 0

Бишкек, 28.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен өлкө аймагында 26 мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жетекчиси Адилет Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, Сауд өнүктүрүү фонду менен КРнын өкмөтү ортосунда 2017-жылдын 17-майында Кыргызстандын аймагында 27 мектептин курулушу боюнча келишим түзүлгөн.

"Мектептер ар бир облуста курулуп жатат. Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо жүрүүдө. 26 мектептин курулуш иштери башталды, ал эми бир мектептин документтери Сауд Аравияга макулдашууга жөнөтүлгөн. Келишим боюнча мектептер 2021-жылы бүтүш керек. Бирок, ага карабастан быйыл 5-6 мектепти бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз", - дейт ал.

"Сауд өнүктүрүү фондунун каражаттарынан 27 мамлекеттик мектепти куруу" долбоорунун жетекчиси Ражавали Эркебаевдин айтымында, 2019-жылдын сентябрь айында мектептертин курулушу боюнча тизме бекитилген.

"Ага ылайык, ар бир облуста үчтөн мектеп болуп, жалпы 27 окуу жай курулуш керек. Курулуш иштер 2019-жылдын күз айында башталган. Айрым мектептердин курулушу 2020-жылдын март айынан тарта жүргүзүлгөн. Коронавирус инфекциясына байланыштуу курулуш иштер токтоп калган. 1-майдан баштап 26 мектептин курулуш иштери жанданган. Кээ бир облустарда мектептердин 1-кабаты тургузула баштады", - деп белгилеп өттү Эркебаев.

Пикир

Оставить комментарий