• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Саунага туруктуу барып туруу эмнеге алып келет?

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 13.11.17 /Кабар/. Саунага дайыма барып туруу бир нече оорулардын болушун азайтып, өмүрдүн узактыгына таасир берет. Бул тууралуу Чыгыш Финляндиянын университетинин медиктеринин The Conversation басылмасында жарыяланган изилдөөсүндө айтылат.

Эмгекте Финляндия жана Улуу Британиянын окумуштуулар тобу 24 жыл бою 1620 эркек адамдын саламаттыгына байкоо жүргүзүшкөн. Медиктердин бүтүмдөрүнө ылайык, саунага ар дайым барып туруу (жумасына төрт-жети жолу) жогорку кан басымын дээрлик 50%га төмөндөтөт. Авторлор муну жогорку температура жүрөктүн согушун тездетип, теринин тамырларынын кеңейишине алып келет. Бул өз кезегинде кан айланууну жакшыртат.

Мындан тышкары, пневмония (өпкөнүн сезгениши) жана башка дем алуу органдарынын оорулары азайганы байкалган. Сауна мындай дарттарга кандай таасир бере тургандыгы боюнча такталбаган жагдайлар болгону менен, окумуштуулар жылуулук өпкөгө суюктук топтотулушуна жол бербей, вентиляцияны жакшыртат дешет.

Окумуштуулар буга чейин 20 жыл бою 2300 эркектин саламаттыгына байкоо жүргүзүшүп, жыйынтыгы 2015-жылы жарыяланган. Ал саунанын сүйүүчүлөрү жүрөк-кан тамыр, инсульт жана кем акылдык ооруларына кыйла аз чалдыгып, ошону менен бирге узак жашашарын көрсөткөн.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий