• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

Коом 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. «Сапат» (мурдагы «Себат») билим берүү мекемеси окуучуларга карата жасалган мамиле тууралуу бүтүрүүчүлөрдүн #metoosebat хэштеги менен жазгандары боюнча текшерүү жүргүзөт. Бул тууралуу «Сапаттын» жетекчиси Нурлан Кудайбердиев билдирди.

Анын белгилешинче, мугалимдердин балдарга карата жасаган мамилеси дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө.

«Бул хэштегдин алдында жазгандар лицейди 10-15 жыл мурун бүтүрүп кеткендер окшойт. Ошого карабай, биз бул маалыматтарды текшеребиз, аларга байланышып, ким эмне болгонунун баарын сурайбыз. Окуучуга туура эмес мамиле кылган мугалимдер болуп калса иштен алынат», — деди ал.

Акыркы күндөрү мурдагы «Себат» түрк лицейинин бүтүрүүчүлөрү «Твиттерде» #metoosebat деген хэштегдин алдында мектептердеги мугалимдердин окуучуларга кылган мамилесин, окуучулардын арасындагы чоң муштумдук жана башка жагымсыз окуялар тууралуу эскерип жазып жатышат.

Учурда «Сапат» билим берүү мекемесине караштуу он алты лицей, төрт мектеп, бир жогорку окуу жайы бар. 90-жылдары түрк лицейлери катарында Кыргызстанда ачылган «Себат» билим берүү мекемелери 2017-жылдан тарта аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, аны негиздөөчүлөр курамы Кыргызстандын билим берүү министрлигинин карамагына кирген.

Буга Анкаранын бир катар мамлекеттерден, анын ичинде Кыргызстандан да Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылына таандык мектептерди, анын ичинде кыймылга таандык делген «Себат» мектептерин да жабууну талап кылганы негиз болгон.

Расмий Бишкек «Сапат» өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп жатканын, мамлекет үчүн коркунучу жоктугун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий