• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Себепсиз сабаган. Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган жаранды колго түшүрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Милиция кызматкерлери бейбаштык кылган жаранды колго түшүрдү, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 13-декабрында болжол менен саат 01:15 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Осмонкул көчөсүндө белгисиз жаран уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты такташкан. "1981-жылы туулган Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү 01:00 чамасында ошол эле даректен белгисиз жаран эч себепсиз арыз ээсин уруп, денесине зыян келтирип, андан ары качып кеткен. Кайгуул кызматкерлеринен ошол жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иш-чаранын негизинде кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган М.В. аттуу жаран кармалып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факты боюнча Свердлов райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий