• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Сегиз айдын ичинде бюджеттер аралык трансферттердин көлөмү 1,6 млрд. сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын 8 айында бюджеттер аралык трансферттердин көлөмү 1,6 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу КР финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык 2019-жылдын январь-август айлары аралыгында республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд. 633 млн. 278,0 миң сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүнүп берилди, анын ичинде теңдөөчү трансферттерди каржылоого факт жүзүндө 1 млрд. 341 млн. 318,8 миң сом, максаттуу трансферттерди каржылоого факт жүзүндө 291 млн. 959,2 миң сом сарпталды.

"Түшүндүрмө катары кыстара кетсек, теңдештирүүчү трансферттер – жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлинин ортосундагы каржылык айырманы жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар", - деп айтылат маалыматта.

Теңдештирүүчү трансферттердин көлөмдөрү жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик камсыздуулугунун деңгээлине негизденип аныкталат жана региондун туруктуу социалдык-экономикалык абалын колдоо максатында жергиликтүү бюджеттерге аларды каржылоонун толуктугун камсыз кылуу үчүн берилет.

Максаттуу трансферттер – белгилүү бир максаттарга бир бюджеттик деңгээлден башка бюджетке берилүүчү каражаттар. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер:

- бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кирешелердин каржылык айырмасын же түшүп калуусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуунун натыйжасында пайда болгон жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринде кошумча чыгашаларды же жоготууларды компенсациялоого;

- мыйзамдын же келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүдө жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоого;

- республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгаша милдеттенмелерин биргелешип каржылоону камсыз кылууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий