• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сегиз комитет, үч вице-спикер. Жогорку Кеңештин түзүмү түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 12-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин түзүмүн жактырды.

Жалпы жыйында 72 депутат “макул”, экөө “каршы” добушун берди.

Сегиз комитет түзүлдү:

Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети;
Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети;
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети;
Финансы-экономикалык саясат комитети;
Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети;
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети;
Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети;
Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасынын үч жардамчысы болот.

Пикир

Оставить комментарий