• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сегиз жылда 604 Түркиянын жана 472 Кореянын жараны кыргызстандыктар менен никеге турган

Коом 0

Бишкек, 25.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын жарандары 2010 – 2018-жылга чейин 17 609 чет элдиктер менен никеге турушкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Россия жарандары менен – 6744 нике, Өзбекстан жарандары менен – 5024, Казакстан жарандары менен – 1682 жана Тажикстан жарандары менен – 1495 нике түзүлгөн. Түркиянын жарандары менен көрсөтүлгөн мезгилде 604, Корея – 472, Ооганстан – 35, Пакистан – 66 жана Кытая жарандары менен – 60 нике түзүлгөн", - деп белгиледи Ибраимжанов.

Ибраимжанов кошумчалагандай, акыркы беш жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын 24 384 чет элдик жаран алса, анын ичинен 19 885 адам – этникалык кыргыздар болгон.

Пикир

Оставить комментарий