• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

СЭИ санитардык нормаларды бузгандарга айып салды

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору күн сайын калаанын санитардык абалын текшерип, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь районунун санитадык абалын текшерүү учурунда Юнусалиев көчөсү №49/1 дарегинде жайгашкан жер-жемиш сатуучу күркөнүн айланасы антисанитардык абалга жеткендиги, таштанды башаламан ташталгандыгы жана таштанды үчүн челек орнотулбагандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан күркөнүн ижарачысы Мамажунусов А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди. Административдик комиссиянын жыйынында аталган ижарачыга 5 миӊ сом өлчөмүндөгү айып салынды жана аталган дарек иретке келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий