• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Сейде” кыргыз тасмасы Москвада көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 23-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Элнура Осмоналиеванын “Сейде” тасмасы 39-чу Эл аралык кинофестивалдын “Кыска метраждуу тасма: Панорама” программасында көрсөтүлөт. Фестиваль 22-29-июнда өтөт. Бул тууралуу www.kyrgyzcinema.com сайтында айтылган.

Программанын Москвадагы куратору Андрей Щиголевдин айтымында, Э.Осмоналиеванын “Сейде” тасмасы – тасмалары гендердик багытка арналган бул программага дал келип, этникалык түс берилип, укмуштай тартылган.

“Багыт бергени жана таланттарды издөөдөгү жардамы үчүн Гүлбара Төлөмүшовага терең ыраазычылык”, - деди Щиголев.

“Сейде” тасмасы – алыскы тоолуу айылда жашаган кыздын таржымалы. Ал жашоого кубана билет, ат минип, жигиттер менен ат оюндарын ойнойт. Бирок, ага кокусунан куда түшүп келишип, аны күйөөгө берүүнү чечишет. Тоюна атасы кыздын сүйүктүү атын союуну каалайт. Кабатырланган Сейде буга жол бергиси келбейт. Бирок, аты да, өзү да эч кайда кача алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий