• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сейрек кездешүүчү жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Сейрек кездешүүчү жаныбарларды чек арадан алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 22-апрелде Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюшкан.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде чек ара кезмети мамлекеттик чек ара сызыгынын жанынан Кыргыз Республикасынын 1972-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранына тиешелүү Toyota Previa автоунаасын кармашкан.

"Автоунааны текшерүү учурунда чек ара кезмети беш баш асыл маралдарды табышкан. Маралдардын жашы 1 жаштан 4 жашка чейин болгон, төрт жаныбардын мүйүздөрү жулунган экен. Жагдайды аныктоо максатында унаанын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү – Өзбекстандын жараны кармалган. Сурамжылоо учурунда жаныбарларды Өзбекстанга өткөрө тургандыктары аныкталган. Айдоочуда болсо маралдарга тиешелүү болгон эч кандай документтер болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

Учурда беш баш маралдын баасы канча тураары такталууда.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар жана жаныбарлар андан аркы териштирүү иштердин жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий