• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сел жүрүшү ыктымал! ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты.

Ага ылайык, 2020-жылдын 15-майынан 17-майына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 15-майда Ысык-Көл облусунун, 16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Ошондой эле күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий