• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сел жүргөн жолдор тазаланып, унаалар үчүн ачык - Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Нөшөрлөп жааган жамгырга байланыштуу Исфана-Андарак-Көк-Таш жана Самат-Замборуч-Жаркыштак автожолдорунда сел жүргөн. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор атайын техника менен тазаланып, унаалар үчүн жол ачылды. Жабыркагандар жок.

Транспорт жана жол министрлиги ашуулар аркылуу кеткен айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанында күрөк, чынжыр алып жүрүү керек экендигин дагы бир ирет эскертет.

Унаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоо, кар көчкүнүн алдында калуудан сактайт.

Пикир

Оставить комментарий