• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Селден улам Боом капчыгайында калган поезддин жүргүнчүлөрү эвакуацияланды

Аймак 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Селден улам Боом капчыгайында калып калган «Рыбачье – Бишкек-2» поездинин жүргүнчүлөрү эвакуацияланды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн катуу жааган жамгырдын кесепетинен Жел-Арык тилкесинде 35 метр темир жолду сел алып кеткен.

«Табигый кырсыктын кесепетинен улам Балыкчыдан Бишкекке бара жаткан Рыбачье - Бишкек-2 жүргүнчү поезди кайра Рыбачье станциясына жөнөтүлдү. Жүргүнчүлөр маршруттук такси менен жөнөтүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий