• 84.8
  • 98.41
  • 1.19

Селден улам Ош—Папан—Кожокелең унаа жолу убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Селден улам Ош-Папан-Кожокелең унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июлда саат 19:30 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунда каттуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 45-48-чакырымдарын каптаган, учурда унаа жол жабык.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 экскаватор тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий