• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Селден улам Өзбекстандын Зарафшан шаарында 300 киши эвакуацияланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/.13-майга караган түнү нөшөрлөгөн жаандан кийин Өзбекстандын Навои облусундагы Зарафшан шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, суу каптоодон төрт турак-үй зыянга учурап, 300гө жакын жергиликтүү тургун коопсуз райондорго эвакуацияланды.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин 70 кызматкери жана тогуз атайын техникасы иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий