• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Селден жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз – Садыр Жапаров

Президент 0


Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров селден жабыркаган үйлөр жакын арада калыбына келерин билдирди. Бул тууралуу президент өзүнүн Facbook`тагы баракчасына жазды.

"Табият кырсыгы болду.

Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам); Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам); Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам); Төөлөс айылынан 3 үй-бүлө (15 адам); Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам); Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам); Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам); Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу жайгаштырылды.

Алайга дагы жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылды.

Кудай буюрса, жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз. Сабыр кылыңыздар", - деп жазган Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий