• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Селекциядагы өрт электр зымын туура эмес туташтыруудан чыккан – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 21-июнь /Кабар/. Чүй областынын Сокулук районундагы Селекция айылындагы дүкөңдөгү өрт туура эмес туташтырылган электр зымдарынын кесепетинен чыккан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ маалымдалгандай , дүкөндө чыккан өрт жанындагы турак жайды каптаган.

Өрт учурунда 10 муздаткыч, сыналгы, кондиционер, 6 видео-камера жана баардык текчелери менен дүкөн толук өрттөнгөн. Жакынкы турак жайлардын өрттөнүп кетүү коркунучун алдын алууда өрт кызматкерлери колдон келген жардамдарын көрсөтүштү. Өрттөнгөн жердин аянты жалпы 150 чарчы метрди түзөөрүн ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыр тарткандар жок.

Пикир

Оставить комментарий