• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Семетей" госпиталы жугуштуу ооруларды жылдын бардык мезгилинде дарылай турган борбор болот - Боронов

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. "Семетей" госпиталы жугуштуу ооруларды жылдын бардык мезгилинде дарылай турган борбор болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Семетей" аскердик талаа госпиталы мурда обсервация катары иштеп келген. Учурдун талабына ылайык ал 1 миң 300 орундуу ооруканага айландырылды.Ал жакта 50 реанимациялык орун бар. "Семетей" борборун бардык мезгилдерде иштей турган медициналык борбор катары даярдап жатабыз. Ошондой эле ал жакта клиникалык лабораториялардын бардык түрүн ачуу боюнча иштер жүрүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий