• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Семетей” госпиталында 605 орундук бош - ӨКМ

COVID - 19 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. “Семетей” госпиталында 605 орундук бош. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Рыспек Жолдошбаев билдирди.

“6-августка карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 33дө бейтаптар дарыланып жатат, калган 567 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 12 оор абалдагы бейтап дарыланып жатат, калган 38 орундук бош. Жалпысынан 605 орундук бош”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий