• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Семетей" госпиталында COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу боюнча машыгуулар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-сентябрда "Семетей" госпиталында коронавирус илдетин жоюу жана мындан ары жайылуусуна бөгөт коюу максатында Жарандык коргонуу кызматынын башкаруу органдары менен атайын машыгуу өткөрүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, машыгуунун темасы “Адамдардын массалык түрдөгү жугуштуу оорулары”.

Аталган машыгуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун жетекчили алдында өтүүдө.

Машыгуунун максаты:

1. Республиканын аймагында коронавирус илдетинин 2-толкунунун алдын алуу жана бөгөт коюу максатында Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын, тиешелүү кызматтарынын иш-аракеттерин жүргүзүүнү уюштуруу, эвакуация пландарынын толуктугун жана тууралыгын аныктоо.

2. Жарандык коргонуу күч-каражаттарынын кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерин жүргүзүү жана жабыркаган жарандарды кабыл алуу, аларды жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын практикалык түрдө аткарууну уюштуруу.

3. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында тиешелүү күчтөрдү жана каражаттарды колдонууну уюштуруу боюнча Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын башкаруу жөндөмдүүлүктөрүн текшерүү жана аны өркүндөтүү.

4. Кемчиликтерди аныктоо, усулдук жардамдарды көргөзүү.

Пикир

Оставить комментарий