• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Семетей” мейманканасы ижарага берилет

Экономика 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Семетей” мейманканасы мамлекеттик ишканасынын имаратын ижарага берүү келишими боюнча ачык аукцион жарыялады.

ММБФ басма сөз кызматы билдиргендей, мейманкананы ижарага берүү ачык аукциону20-сентябрда 10:00дө Фонддо өтөт.

Ижарага берилүүчү имараттын жалпы аянты 444,8 чарчы метр, анын ичинде: 331,8 чарчы метр (жыл бою иштейт) жана 113 чарчы метр жайкы (1-майдан 1-октябрга чейин иштейт) аянтча бар. Объект Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 125 дарегинде жайгашкан.

Ижарага берүү мөөнөтү – 3 жыл.

Баштапкы ижара акысы: кафе – айына 62 миң 113 сом, жайкы аянтча – 16 миң 272 сом, жалпысы 78 миң 385 сом айына.

Билдирмелер 2017-жылдын 18-сентябрына 17:00гө чейин кабыл алынат. Дареги: Бишкек ш., Москва көчөсү 151, (3-кабат 308-бөлмө), бардык маселелер боюнча 0 312 61 40 77 номерине кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий