• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Семетей” обсервациясына кошумча 6 жасалма дем алдыруучу аппарат орнотулду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Кыргызстандагы банктардын бирикмесине мүчө финансылык уюмдар берген 6 жасалма дем алдыруучу аппарат “Семетей” обсервациясына орнотулду. Бул тууралуу бейтапкананын башкы дарыгери Кутман Мурзакалыков билдирди.

“Ордо калаадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алганда, жасалма дем алдыруучу аппараттар өз учурунда берилип жатат. “Семетей” обсервациясында 179 кычкылтек концентратору, кычкылтек борбору жана 2 жасалма дем алдыруучу аппарат бар болчу. Финансылык уюмдар көрсөткөн гуманитардык жардамдын алкагында кошумча 6 даана жаңы жасалма дем алдыруучу аппарат берилди”, - дейт Кутман Мурзакалыков.

Гуманитардык жардамды “Семетей” обсервациясына тапшыруу аземине КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Кыргызстандагы банктардын бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев катышты.

“Бүгүнкү жагдайда бир дагы финансылык мекеме колдоо көрсөтпөй, четте калган жок. Алар берген гуманитардык жардам, тагыраак айтканда, 100 даана кычкылтек концентратору менен 1000 даана пульсоксиметр бардык облустардагы муктаж болгон медициналык мекемелерге таратылып берилет. Мындан ары дагы саламаттык сактоо тармагына жардам беребиз”, - деди Анвар Абдраев.

“Семетей” обсервациясында 27-июлга карата алынган маалыматка ылайык 531 бош орун бар.

Пикир

Оставить комментарий