• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

“Семетей” обсервациясында 3 дарыкана орнотулган, анын экөө күнү-түнү иштейт

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. “Семетей” обсервациясында 3 дарыкана орнотулган, анын экөө күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Рыспек Жолдошбаев билдирди.

“22-июль күнү 15000 чарчы метр аянты дезинфекцияланды. Участоктон күнүнө орточо эсеп менен 10-12 метр куб таштанды чыгарылат. Госпиталда үч дарыкана орнотулган, анын экөө күнү-түнү иштейт”, - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата “Семетей” госпитализация пунктунда бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук даярдалган болсо, анын ичинен 143дө бейтаптар дарыланып жатат, калган 457 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 31 оор абалдагы бейтап бар, калган 19 орундук бош.

Пикир

Оставить комментарий