• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

«Семетей» обсервациясында 400 орунга интенсивдүү терапия палаталары ачылат

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. «Семетей» обсервациясында 400 орунга эсептелген интенсивдүү терапия палаталары ачылат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Бороновдун обсервациянын иши менен таанышуу учурунда белгилүү болду, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин балансындагы эки кабаттуу 6 имаратта учурда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Дарыгерлердин айтымында, бул орундар «Семетей» обсервациясына келип түшкөн оор абалдагы бейтаптарды дарылоо жана динамикалык байкоо үчүн түзүлүүдө.

Өкмөт башчы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

«Бишкек шаарында жана Чүй облусунда COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын санынын көптүгүн эске алуу менен ыкчам түрдө кошумча орундарды ачуу чечими кабыл алынган. Мында сапаттуу дарылоо жана медициналык персоналдын иши үчүн бардык шарттар эске алынат», - деди Кубатбек Боронов.

Интенсивдүү терапия палаталары эртеңден баштап бейтаптарды кабыл алууну баштайт. Эске салсак, «Семетей» обсервациясында жаңы 400 орунду кошкондо жалпы 1700 орун бар.

Пикир

Оставить комментарий